23-апрелде Ош мамлекеттик университетинде Кыргызстандын эмгек сиңирген ишмери, акын, жазуучу, котормочу жана журналист Зинакан Пасанованын 70 жылдыгына арналган «Адабиятка арналган өмүр» аттуу адабий кече өттү.
Иш-чарага Улуттук Жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев, Ош шаарынын вице-мэри Максуда Айдарбекова, ОшМУнун проректору Нуржамал Мапаева катышты. Ошондой эле белгилүү акын-жазуучулар, журналисттер, окумуштуулар, окутуучулар, студенттер келишти.
Кечеде Зинакан Пасанованын өмүр жолу, чыгармачылыгы тууралуу видео көрсөтүлдү. Ош улуттук драма театрынын артисттери анын чыгармаларынан сахналык көрүнүштөрдү коюшту. Коноктор куттуктоо сөз сүйлөп, акындын кыргыз адабиятына жана журналистикасына кошкон салымын белгилешти. Профессор Гулина Жамгырчиева «З.Пасанованын жазуучулук чеберчилиги» деген темада илимий баяндама жасады.
«Жигер» чыгармачылык борборунун жаштары акындын ырларын көркөм окуп беришти. Ошондой эле Зинакан Пасанованын «Уулума кат» аттуу ырлар жыйнагынын бет ачары болду.
Зинакан Пасанованын «Кут түшкөн түндөр», «Сыркеч жамгыр», «Арыба, Жүрөк», «Дос», «Томаяк издеген бакыт», «Уулума кат» жана «5 жыл» деген китептери окурмандардын сүйүктүү чыгармаларына айланган. Учурда ал балдар үчүн аңгемелер жазып, дүйнөлүк адабияттан заманбап жомокторду которуп жатат. Жазуучунун чыгармалары орус, өзбек, түрк жана казак тилдерине которулган. Анын ырлары менен прозалары ТҮРКСОЙдун «Түрк адабиятынын казынасы» аттуу 100 томдугуна жана Кыргызстан Жазуучулар союзунун 90 жылдыгына арналган 100 томдукка кирген.