Педагогика, искусство жана журналистика институтунда 20–23-апрель күндөрү илим жумалыгы өттү. Ага Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан жана Кытайдан окумуштуулар, окутуучулар, студенттер, магистранттар катышты.
Төрт күндө төрт чоң илимий иш-чара өттү. 20-апрелде Казакстандын окумуштуулары менен эл аралык тегерек стол болуп, педагогиканын жаңы багыттары талкууланды.
21-апрелде «Илимдеги аялдар жана улуттук баалуулуктар» темасында тегерек стол өттү. Анда аялдардын илимдеги орду жана улуттук баалуулуктарды сактоо маселеси көтөрүлдү.
22-апрелде «Логопед – үнсүз дүйнөнүн архитектору» деген илимий-практикалык конференция болду. Баяндамалар жасалып, мастер-класстар өттү, тажрыйба алмашылды.
23-апрелде «Туруктуу өнүгүү максаттарына ылайык илим – өнүгүүнүн негизги багыты» деген эл аралык семинар менен илим жумалыгы жыйынтыкталды.
Илим жумалыгын Башталгыч, мектепке чейинки билим берүүнүн педагогикасы жана психологиясы кафедрасы уюштурду. Максаты илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүү, педагогикадагы көйгөйлөрдү талкуулоо, эл аралык байланышты күчөтүү жана тажрыйба алмашуу болду.