ОшМУ менен «Сапат» билим берүү долбоорлорун бирге ишке ашырат 

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ менен «Сапат» билим берүү долбоорлорун бирге ишке ашырат 

Image

Ош мамлекеттик университети (ОшМУ) менен «Сапат» эл аралык билим берүү мекемеси студенттердин практикасын уюштуруу жана бүтүрүүчүлөрдү жумуш менен камсыз кылуу боюнча кызматташат.

Бул тууралуу Кыргызстан «Маариф» фондунун жана «Сапаттын» академиялык иштер боюнча координатору Рахми Орал, анын орун басары Асилбек Абдуганиевдин теология факультетинин деканы Ниязали Арипов баштаган профессордук-окутуучулар курам менен 12-майда болгон жолугушуусунда белгилүү болду.

Жолугушууда тараптар студенттердин өндүрүштүк жана педагогикалык практикасын «Сапаттын» филиалдарында өткөрүүгө макулдашты. Ошондой эле «Диндердин өнүгүү тарыхы» сабагы боюнча бүтүрүүчүлөрдү мугалимдикке, тарбиячылык кызматтарга орноштуруу, окуучуларды университетке багыттоо маселелери талкууланды.

Мындан тышкары билим берүү тармагында биргелешкен тарбиялык иш-чараларды өткөрүү боюнча келишимге жетишти.

«Сапат» эл аралык билим берүү мекемеси Кыргызстандагы алдыңкы мектептердин бири катары заманбап окутуу усулдарын колдонуп, окуучулардын илимий жана чыгармачылык жөндөмүн өнүктүрүүгө шарт түзөт.

 

Фото галерея