Аймактагы мугалимдер “Алдыңкы тажрыйба борборунда” кесиптик чеберчилигин жогорулатууда

Башкы Жаңылыктар

Аймактагы мугалимдер “Алдыңкы тажрыйба борборунда” кесиптик чеберчилигин жогорулатууда

Image

Индустриалдык-педагогикалык коллежиндеги “Алдыңкы тажрыйба борборунда” Кара-Суу районундагы №113 А. Семетеев атындагы орто мектебинин мугалимдери үчүн атайын семинар уюштурулду.

Семинар “Окуу процессинде санариптик технологияларды жана жасалма интеллектти колдонуу” темасында өтүп, анда билим берүү тармагындагы заманбап санариптик инструменттер, интерактивдүү платформалар, жасалма интеллект мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берилди.

Тренер катары коллеждин техникалык адистиктер бөлүмүнүн башчысы Самарбек Мамаев катышып, мугалимдер менен санариптик билим берүү боюнча практикалык тажрыйбасы жана окутуу ыкмалары менен бөлүштү.

Катышуучулар жасалма интеллектке негизделген билим берүү платформаларын колдонуу, сабактарды интерактивдүү уюштуруу, электрондук ресурстарды даярдоо, окуу процессин санариптештирүү боюнча практикалык көндүмдөрдү өздөштүрүштү.

Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, “Алдыңкы тажрыйба борбору” мындай окууларды аймактагы башка мектептердин мугалимдери үчүн да уюштурууну пландап жатат. Учурда жаңы тайпаларды кабыл алуу иштери жүрүүдө.

Байланыш телефондору:
📞 0773 74 24 24
📞 0708 88 00 83

 

Фото галерея