ОшМУ Өзбекстандагы өнөктөш окуу жай менен кызматташууну кеңейтет

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ Өзбекстандагы өнөктөш окуу жай менен кызматташууну кеңейтет

Image

ОшМУга караштуу Эл аралык билим берүү программалары коллежи Самарканд мамлекеттик чет тилдер институту менен кызматташуусун бекемдейт.

11–14-майда коллежин директору Кумарбек Ромашев жетектеген делегация аталган институтка иш сапары барып, ректору менен жолугушту. Анда тараптар буга чейин түзүлгөн кызматташуу меморандумдун алкагында академиялык байланышты кеңейтүү, окутуучулардын тажрыйба алмашуусу, студенттердин академиялык мобилдүүлүгү жана биргелешкен илимий долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты.  

Мындан тышкары делегация “Доска жана бордон чат-ботторго чейин: окутуу процессинин эволюциясы” аттуу семинар-тренингге катышты. Анда заманбап педагогикалык ыкмалар, санариптик технологиялар, жасалма интеллектти билим берүүдө колдонуу боюнча тажрыйбалар көрсөтүлдү.

Самарканд мамлекеттик чет тилдер институту  Өзбекстандын тил үйрөтүү багындагы алдыңкы жогорку окуу жайларынын бири.  Анда англис, немис, француз, кытай, корей, жапон, араб жана башка тилдер окутулат. 

 

Фото галерея