Профессор Сулайман Рысбаевдин “Кыргыз наркы” китебинин бет ачары өттү

Башкы Жаңылыктар

Профессор Сулайман Рысбаевдин “Кыргыз наркы” китебинин бет ачары өттү

Image

Китептин бет ачары 19-майда Ош мамлекеттик университетинин Филология жана маданият аралык коммуникация институтунда өттү.

Иш-чарага Ош мамлекеттик университетинин жана башка жогорку окуу жайлардын профессордук-окутуучулук курамы, студенттер катышып, китептин мазмуну, тарбиялык мааниси, улуттук нарктарды даңазалоодогу орду тууралуу маалымат алышты. 

Кеченин жүрүшүндө автордун илимий-методикалык ишмердүүлүгү тууралуу видео көрсөтүлүп, китептин расмий таанытымы жасалды. Ошондой эле студенттер тарабынан “Батанын күчү” аттуу сахналык көрүнүш тартууланып, окумуштуулар баяндамалар менен чыгып, талкуу жүргүзүштү.

Соңунда Сулайман Рысбаев “Кыргыз наркы” темасында баяндама жасап, улуттук баалуулуктар, тарбия, руханий маданият жана улуттук идеология тууралуу ой бөлүштү. Автордун айтымында, китепте нарктуулук, үй-бүлө, кызмат, сөз, бата, табият, жүрүм-турум маданияты сыяктуу түшүнүктөр элдик мисалдар жана турмуштук окуялар менен түшүндүрүлгөн. 

“Китепте жалпы эле, нарктуулук, нарк башаттар, адам наркы, жүрүм-турум наркы, мамиле наркы, үй-бүлө наркы, кызмат наркы, турмуш-тиричилик наркы, сөз наркы, бата наркы, табият наркы сыяктуу  түшүнүктөр жатык тил менен жалпыга түшүнүктүү кылып бирдиктүү система катары баяндалды. Ал түшүнүктөр элдик накыл, уламыш, болмуш жана да турмуштук аңгемелер менен коштолуп берилди. Улуу инсандарыбыздын өрнөктүү өмүрү-нарк үлгүсү катары сунушталды”, –деди автор.

Катышуучулар китептин кыргыз коомундагы руханий баалуулуктарды жайылтуудагы маанилүү ордун белгилешип, авторго чыгармачылык ийгиликтерди каалашты.

Китептин бет ачарын Квалификацияны жогорулатуу институту менен Филология жана маданият аралык коммуникация институту уюштурду.

 

Фото галерея