Студенттер арасында волейбол мелдеши өттү

Башкы Жаңылыктар

Студенттер арасында волейбол мелдеши өттү

Image

26-майда  Ош мамлекеттик университетинин тарых-юридика институтунун студенттери  арасында волейбол боюнча мелдеш уюштурулду.

Мелдешке тарых бөлүмүнүн студенттеринен түзүлгөн курама командалар катышып, оюндар жогорку деңгээлде жана атаандаштык маанайда өттү. Балдар арасында эки команда күч сынашса, кыздар арасында төрт команда таймашка түштү. Жыйынтыгында балдар арасында 3-курстун курама командасы биринчи орунду ээлесе, кыздар арасында 1-курстун командасы жеңүүчү аталды. 

Мелдештин соңунда мыкты оюн көрсөткөн командалар жана өзгөчөлөнгөн оюнчулар сыйланышты. Спорттук иш-чара «Жалпы тарых жана тарыхты окутуунун усулу» кафедрасы тарабынан өткөрүлдү. Максаты студенттердин ден соолугун чыңдоо, спортко болгон кызыгуусун арттыруу, сергек жашоо образын жайылтуу жана курстар аралык ынтымакты бекемдөө болду.

 

 

Фото галерея