ОшМУ Балдарды коргоо күнүнө арналган майрамдык иш-чараларды өткөрдү

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ Балдарды коргоо күнүнө арналган майрамдык иш-чараларды өткөрдү

Image

1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Ош мамлекеттик университетинын профессордук-окутуучулук курамынын жана шаар тургундарынын балдары  үчүн майрамдык оюн-зоок иш-чаралары өткөрүлдү. Шаардагы “Сайран” эс алуу жайында уюштурулган иш-чарага министр Гулзат Исаматова катышып, балдарды майрамы менен куттуктап, белектерин тапшырды.

ОшМУнун Индустриалдык-педагогикалык колледжи Алымбек датка эс алуу аймагында, Филология жана маданият аралык коммуникация институтунун англис тили бөлүмү “Сайран” эс алуу жайында,  Билим лицейи жана Ыйман окуу-тарбия комплекси И. Раззаков атындагы эс алуу жайында майрамдык иш-чараларды өткөрдү. Майрамдык программда балдар үчүн кызыктуу оюндар, спорттук мелдештер, көңүл ачуучу программалар жана түрдүү сынактар тартууланды. Ошондой эле катышуучуларга белектер берилди.

Иш-чара балдардын көңүлдүү эс алуусуна шарт түзүү, алардын чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүү жана майрамдык маанай тартуулоо максатында уюштурулду.

Фото галерея