30-майда ОшМУнун Теология факультетинде студенттер менен бүтүрүүчүлөрдүн жолугушуу кечеси өттү. Иш-чарага ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков, Түркиянын Кыргызстандагы Элчилигинин Дин иштери боюнча кеңешчиси Салих Сезик, Теология факультетинин деканы Ниязалы Арипов, декандын орун басары Махмуд Демир, факультеттин профессордук-окутуучулук курамы, факультеттин 1998-жылдан берки бүтүрүүчүлөрү жана студенттер катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө факультеттин студенттери тарабынан даярдалган маданий-концерттик программа тартууланды. Бүтүрүүчүлөр сөз сүйлөп, басып өткөн эмгек жолу, кесиптик тажрыйбасы жана жетишкендиктери тууралуу айтып беришти. Алар студенттерге алдыга койгон максаттарына жетүү боюнча пайдалуу кеңештерин берип, студенттик кездерин эскеришти.
Кечеде муундар ортосундагы байланышты чыңдоо, билим жана тажрыйба алмашуу, бүтүрүүчүлөр менен студенттердин кызматташтыгын бекемдөө маселелери талкууланды. Катышуучулар мындай жолугушуулар сапаттуу кадрларды даярдоого, бүтүрүүчүлөр ортосундагы ынтымакты арттырууга жана жаштардын кесиптик өнүгүүсүнө өбөлгө түзөрүн белгилешти.
Факультет жамааты иш-чаранын өткөрүлүшүнө колдоо көрсөтүп, каржылык жардам берген Түркия Дианет фондуна жана кечеге катышкан жалпы бүтүрүучүлөргө ыраазычылык билдирди.
Теология факультети 1993-жылы Ош мамлекеттик университети менен Түркия Республикасынын «Диянет» фондунун ортосундагы келишимдин негизинде түзүлгөн. Учурда факультетте бакалавриат, магистратура жана орто кесиптик билим берүү программалары боюнча теология багытындагы адистер даярдалат.