«ОшМУ» клубу «Алайды» жеңди

Башкы Жаңылыктар

«ОшМУ» клубу «Алайды» жеңди

Image

22-июнда Кыргызстандын Премьер-лигасынын 13-турунун алкагында «ОшМУ» футбол клубу  «Алай» командасы менен беттешип, 2:0 эсебинде ишенимдүү жеңишке жетишти. 

Бул жеңиш «ОшМУ» клубу үчүн өзгөчө мааниге ээ болуп, команда тарыхында алгачкы жолу «Алайды» утту. Оюндун жүрүшүндө эсепти 30-мүнөттө Владимир Масловский ачты. Ал атаандаштын коргонуусундагы мүмкүнчүлүктү пайдаланып, топту дарбазага так багыттады. Экинчи таймда да чабуулун токтотпогон оюнчу 56-мүнөттө дагы бир гол жаратып, команданын артыкчылыгын бекемдеди.

Эки голдун автору болгон Владимир Масловский беттештин эң мыкты оюнчусу деп табылды. 

Учурда  «ОшМУ» клубу турнирдик жадыбалда 7-орунда келе жатат. Команданы алдыда дагы эки маанилүү беттеш күтөт. Кийинки оюн «Илбирс» командасына каршы өтсө, биринчи айлампанын акыркы беттешинде «Нефтчи» менен күч сынашат.