Окутуунун сапатын жогорулатууга салым кошкон мыктылар сыйланды

Башкы Жаңылыктар

Окутуунун сапатын жогорулатууга салым кошкон мыктылар сыйланды

Image

Бүгүн, 25-июнда Ош мамлекеттик университетинин окутуунун сапаты жана методикалык камсыздоо бөлүмүнүн 2025–2026-окуу жылындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылып, мыкты көрсөткүчтөргө жетишкен окутуучуларды жана студенттерди сыйлоо аземи өттү.

Иш-чарага ректор Кудайберди Кожобеков,  профессордук-окутуучулук курам жана кызматкерлер катышты. Жыйындын жүрүшүндө ректор бөлүмдүн бир жыл ичинде аткарган иштерин алкап, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга кошкон салымы үчүн жамаатты куттуктады. Ал эми Окутуунун сапаты жана методикалык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Махабат Былыкова 2025–2026-окуу жылында бөлүм тарабынан аткарылган иштер тууралуу  маалымат берди.

Алсак, бөлүм  тарабынан жыл сайын профессордук-окутуучулук курамдын кесиптик чеберчилигин жогорулатуу жана мыкты тажрыйбаларды жайылтуу максатында «Заманбап лектор», «Заманбап окутуучу», «Педагогикалык дебют», «Заманбап СӨАИ чебери», «ОшМУнун заманбап окуу басылмасы», «ОшМУнун заманбап электрондук окуу-усулдук комплекси» аттуу сынактар уюштурулуп келет. Мына ушул сынактардын жеңүүчүлөрү жана катышуучулары сертификаттар менен сыйланышты. Ошондой эле сынактарды калыс жана жоопкерчиликтүү баалаган эксперттик топтун мүчөлөрүнө ыраазычылык каттар тапшырылды.

Мындан сырткары, 2025–2026-окуу жылында өткөрүлгөн университеттик олимпиадада биринчи орунду багындырган студенттер жана аларды даярдаган окутуучулар да университет жетекчилигинин ыраазычылык каттарына ээ болушту.

Сыйлоо аземи билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган иштерди колдоо, окутуучулардын чыгармачылык демилгелерин шыктандыруу жана студенттердин жетишкендиктерин даңазалоо максатында уюштурулду. 

 

Фото галерея