ОшМУнун окутуучусу Ички иштер министрлигинин мааракелик медалы менен сыйланды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун окутуучусу Ички иштер министрлигинин мааракелик медалы менен сыйланды

Image

Ош мамлекеттик университетинин эл аралык мамилелер факультетинин окутуучу Чыңгыз Исрайилов Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин “Кыргыз милициясына 95 жыл” мааракелик медалы менен сыйланды. Сыйлык анын “Милиция менен элдин ортосундагы кызматташтык” долбоорунун алкагында Баткен облусунун коомдук алдын-алуу борборлорун жандандырууга жана укук бузуулардын алдын-алууга көмөктөшкөнү үчүн ыйгарылды.

Медаль КРнын ички иштер министри Улан Ниязбековдун буйругунун негизинде тапшырылган.