КАБЫЛ АЛУУ: Филология жана маданият аралык коммуникация институту кандай адистиктерди даярдайт?

Башкы Жаңылыктар

КАБЫЛ АЛУУ: Филология жана маданият аралык коммуникация институту кандай адистиктерди даярдайт?

Image

Чет тилдерин өздөштүрүп, котормочу, филолог, мугалим же эл аралык деңгээлдеги адис болууну кыялданасызбы? Анда Ош мамлекеттик университетинин Филология жана маданият аралык коммуникация институту сиз үчүн эң туура тандоо!

Институтта кыргыз, орус, англис, немис, корей жана француз тилдери боюнча билим алып, келечекте билим берүү, илим, журналистика, котормо, дипломатия, эл аралык кызматташтык жана башка көптөгөн тармактарда ийгиликтүү эмгектенүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Бакалавриат багыттары:

  • Кыргыз тили жана адабияты
  • Орус тили жана адабияты
  • Орус тили жана адабияты боюнча кош дипломдуу программа
  • Англис тили
  • Немис, корей жана француз тилдери
  • Лингвистика (котормо жана котормо таануу)

Магистратурада кыргыз, орус жана чет тилдеринин филологиясы, филологиялык билим берүү жана лингвистика багыттары боюнча окууну улантууга шарттар түзүлгөн.

Эл аралык кызматташтык – институттун негизги артыкчылыктарынын бири. Институт АКШ, Улуу Британия, Франция, Германия жана башка мамлекеттердин элчиликтери, ошондой эле эл аралык уюмдар менен кызматташып, студенттер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратып келет. Бүгүнкү күндө дүйнөнүн 50дөн ашык университеттери жана билим берүү мекемелери менен өнөктөштүк байланыштар түзүлгөн.

Академиялык мобилдүүлүк программаларынын алкагында студенттер жана магистранттар Түркия, Россия, Казакстан, Өзбекстан жана башка өлкөлөрдө билим алуу, тажрыйба топтоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Институтта илимге өзгөчө көңүл бурулуп, профессорлор, доценттер, жаш окумуштуулар жана студенттер эл аралык жана республикалык деңгээлдеги илимий долбоорлорго активдүү катышышат.

 

Фото галерея