КАБЫЛ АЛУУ: Медицина коллежи кандай адистиктерди даярдайт?

Башкы Жаңылыктар

КАБЫЛ АЛУУ: Медицина коллежи кандай адистиктерди даярдайт?

Image

Адам өмүрүнө кам көрүү, саламаттыкты сактоо тармагында кесипкөй адис болуу жана коомго пайдалуу кызмат кылууну кааласаңыз, Ош мамлекеттик университетинин алдындагы Медициналык коллежге кош келиңиз!

Колледждин негизги максаты – заман талабына жооп берген, терең теориялык билимге жана күчтүү практикалык көндүмдөргө ээ болгон медициналык адистерди даярдоо. Бүгүнкү күндө окуу жайда тажрыйбалуу окутуучулар эмгектенип, студенттер заманбап лабораторияларда жана медициналык мекемелерде практикалык билим алышат.

Колледж төмөнкү адистиктер боюнча билим берет:

  • Дарылоо иши – квалификациясы «Фельдшер»
  • Акушердик иши – квалификациясы «Акушер»
  • Сестралык иши – квалификациясы «Медициналык сестра»
  • Фармация – квалификациясы «Фармацевт»
  • Лаборатордук дартты аныктоо – квалификациясы «Лабораториялык техник»
  • Ортопедиялык стоматология – квалификациясы «Тиш техниги»
  • Профилактикалык стоматология

Колледжде билим алуу студенттерге медицинанын ар кыл багыттары боюнча сапаттуу билим алып, келечекте саламаттыкты сактоо мекемелеринде ийгиликтүү эмгектенүүгө кеңири мүмкүнчүлүк түзөт.

🎓 Эмне үчүн Медициналык коллеж?
✔ Көп жылдык тажрыйба жана сапаттуу билим берүү салты;
✔ Кесипкөй окутуучулар курамы;
✔ Практикага багытталган окутуу;
✔ Заманбап окуу жана лабораториялык база;
✔ ОшМУнун чоң билим берүү жана илимий чөйрөсүнүн мүмкүнчүлүктөрү;
✔ Эмгек рыногунда суроо-талапка ээ болгон медициналык адистиктер.

Сиздин бүгүнкү тандооңуз – эртеңки ийгилигиңиздин негизи. Медициналык кесипти тандап, адам өмүрүн сактоого багытталган ардактуу жолду ОшМУнун алдындагы Медициналык колледж менен баштаңыз! 

ОшМУ жөнүндө жана абитуриенттерди кабыл алуу боюнча маалыматтарды төмөндөгү байланыш номери аркылуу сурап, биле аласыздар:

Негизги телеграм канал: https://t.me/oshstateuni

Инстаграм баракчабыз: @oshsu.kg

Сайт: www.oshsu.kg

Телефон: +996 770 11 11 10, +996 554 87 66 87

WhatsApp: +996 770 11 11 10, +996 554 87 66 87

Telegram: +996 770 11 11 10, +996 554 87 66 87

Биздин дарек: Алымбек датка көчөсү 331, ОшМУнун башкы корпусу,

Кабыл алуу комиссиясы: 137-каана

 

 

Фото галерея