Ош мамлекеттик университетинин журналистика багытында билим алган студенттери республикалык медиа сынакта байгелүү орундарды ээлешти.
«Интернет басылмадагы мыкты материал» номинациясында Мырза Абдулахатов менен Бекарстан Шермаматов экинчи орунга, ал эми Айганыш Нурлан кызы үчүнчү орунга татыды.
Студенттер сынакка Ош жана Баткен облустарында уюштурулган пресс-тур учурунда даярдаган материалдарын сунушташкан. Алар аялдардын креативдүү жана туристтик хабдарынын, кооперативдеринин ишмердүүлүгүн, алардын жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүүгө кошкон салымын чагылдырган.
Пресс-тур «Аялдардын тынчтык банкы» коомдук фонду тарабынан ишке ашырылып жаткан «СЕДЕП» долбоорунун алкагында уюштурулган.