«ХХ эл аралык Ысык-Көл оюндары» мелдешинде ОшМУнун командасы байгелүү орунду ээледи

Башкы Жаңылыктар

«ХХ эл аралык Ысык-Көл оюндары» мелдешинде ОшМУнун командасы байгелүү орунду ээледи

Image

Ысык-Көлдө «ХХ эл аралык Ысык-Көл оюндары» өтүп жатат. «Азия – кызматташтыктын жана тынчтыктын аймагы» аттуу ураан менен өтүп жаткан мелдешке Кыргызстандын, КМШ жана ШКУ мамлекеттеринен келген командалар спорттун 23 түрү боюнча таймашууда.

Волейбол боюнча  40 жашка чейинки айымдардын арасында өткөн  мелдеште ОшМУнун эжекелер курама командасы байгелүү 2-орунду ээледи.

Мелдештер Бактуу-Долоноту айылындагы «Каприз» эс алуу борборунда өтүп жатат.

 

Фото галерея