«ОшМУ» футбол клубунун оюнчулары 29-август күнү саат 20:00 чамасында машыгуудан кайтып, базага кирип бара жаткан учурда анын жанындагы үйдөн өрт чыкканын көрүшкөн.
Футболчулар окуя болгон жерге дароо барып, үйдүн экинчи кабатында адам калганын байкашкан. Өрт өчүрүү кызматы келгенге чейин беш оюнчу – Андрей Сидоров, Максим Высоцкий, Владимир Масловский, Мирлан Худайбердиев жана Шерзодбек Кодиров улгайган аялды сыртка алып чыгышкан.
Айтымдарында, аял ден соолугуна байланыштуу өз алдынча үйдөн чыга албай калган. Футболчулар аны өрттөн аман-эсен куткарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.