ОшМУнун ректорунун 2026-2027-окуу жылына карата кайрылуусу

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун ректорунун 2026-2027-окуу жылына карата кайрылуусу

Image

Урматтуу агай-эжелер, ардактуу устаттар, кесиптештер, жаштар жана куттуу окуу жайыбыздын босогосун жаңыдан аттаган кымбаттуу 1-курстун студенттери! Гимназия-лицейлердин, мектепке чейинки билим берүү борборлорунун сүйүктүү окуучулары жана тарбиялануучулары!

Сиздерди чын дилимден улуттук сыймыгыбыз болгон өлкөбүздүн Эгемендүүлүк майрамы жана илим-билимдин улуу салтанаты — Билим күнү менен куттуктайм! Жаңы окуу жылы жаңы максаттарыбыздын орундалуусуна себеп болгон ийгиликтүү жылдардан болсун!

Билим бул -  мамлекеттин өнүгүүсүнүн, коомдун келечегинин жана ар бир инсандын ийгилигинин негизги пайдубалы. Ошондуктан жаңы окуу жылы ар бирибиз үчүн жаңы максаттардын, жаңы изденүүлөрдүн, жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн башаты болсун.

Быйыл Кыргызстан үчүн өзгөчө маанилүү жыл. Өлкөбүз Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгын белгилөөдө. Эгемендүүлүк жылдарында билим берүү, илим, маданият, медицина жана башка тармактарда өлкөбүздүн потенциалы улам кеңейип, жаңы муундун алдында чоң жоопкерчилик коюлууда.

Ошондой эле быйыл Кыргызстанда өткөн VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары элибиздин улуттук баалуулуктарын, маданий мурасын, ынтымагын жана дүйнөгө таанылган өзгөчө жүзүн дагы бир ирет даңазалап жатат. Бул маанилүү иш-чаралар жаш муунду мекенчилдикке, улуттук наркты урматтоого жана өлкөбүздүн келечегине жоопкерчилик менен кароого үндөйт. Мындай ири иш-чараларда окуу жайыбыздын жамааты да сыртта карап турбай жуурулушуп өз салымын кошту.

Биз бул жаңы окуу жылын өлкөбүздөгү чоң өзгөрүүлөр, тарыхый жаңылануулар жана ОшМУнун алгылыктуу ийгиликтери менен тосуп жатабыз. Ушул жылдары мамлекетибизде экономика, инфраструктура жана санариптештирүү багытында ири реформалар ийгиликтүү ишке ашып, өлкөбүз туруктуу өнүгүү жолуна түштү. Мамлекетибиздин күчтүү өнүгүү демине шайкеш келип, ОшМУ – билим берүү жана инновациянын глобалдык борборуна айланды.

Быйыл дүйнөлүк деңгээлге чыгууга бел байлаган университетибиз эл аралык абройлуу QS Rankings Asia рейтингинде 1526 ири окуу жайдын ичинен 316-орунду багындырып, Борбор Азия боюнча эң мыкты 22 университеттин катарына кирди. Ошондой эле дүйнөлүк QS Sustainability (Туруктуулук) рейтингинде курчап турган чөйрө жана коомго тийгизген таасири үчүн 1251, башкаруу саясаты боюнча 1107-орунду ээлеп, ишенимдүү түрдө Дүйнөлүк ТОП-1500 катарына кирди. Буга чейин QS Stars изилдөөсүндө 4 жылдызга (4 Stars) ээ болгон. Бул жетишкендиктер — окуу жайыбыздын 4-муундагы изилдөөчү университетке (University 4.0) айланып жаткандыгынын айкын далили.

Биздин катарыбызды толуктаган 1-курстун студенттери!

Кымбаттуу жаш достор, сиздер, Президенттин жарлыгы менен өзгөчө макам алган ОшМУнун студенти деген сыймыктуу баага татыдыңыздар! Университеттин окуу процесси толугу менен заманбап кредиттик технологиянын принциптерине ылайык уюштурулган. Келишим 1 кредиттин баасына карата түзүлүп, сиздер биринчи семестрден тарта эле өзүңүздөр каалаган предметтерди жана окутуучуларды тандап, жеке билим алуу траекторияңыздарды түзө аласыздар. Бул багытта сиздерге өлкөдө биринчилерден болуп толук санариптештирилген, биздин программисттер иштеп чыккан, өтө ыңгайлуу "MyEDU" платформасы жана онлайн окуу ресурстарын камтыган mooc.oshsu.kg порталы жардамга келет. Студенттер үчүн маалым кат алуу процесси да толугу менен автоматташтырылган. Бул — сиздердин убактыңыздарды үнөмдөгөн жана ачык-айкындуулукту камсыз кылган заманбап кадам.

Биздин студенттерибизге болгон камкордугубуз катары, окуу жайга жаңы кабыл алынган жана бардык студенттер ОшМУнун заманбап медициналык клиникасынан толугу менен акысыз медициналык кароодон өтүшөт. Бул клиникада биздин дарыгерлер 8 ирет бөйрөк алмаштыруу (трансплантация) жана 5 ирет боор алмаштыруу операциясын ийгиликтүү жасашты.

Учурда Ош шаарында заманбап, 7 кабаттуу жаңы ири медициналык клиниканын курулушу бүтүп, ачылуу алдында турат. Сиздер дал ушундай улуттук деңгээлдеги зор медициналык жана илимий базада билим аласыздар!

Эл аралык деңгээлде билим алууну каалаган жаштарыбыз үчүн бизде дүйнөлүк эшиктер ачык. Жыл ичинде 30дан ашуун эл аралык келишимдерге жана 22 адистик боюнча 20дан ашуун кош дипломдук программаларга кол коюлду. Студенттер 2 жыл ОшМУда, 2 жыл чет өлкөдө окуп, бир убакта эки дипломго ээ боло алышат. Алгачкы бүтүрүүчүлөр дипломдорун колуна алышты.  

Урматтуу студенттер, сиздердин да дүйнөнүн 30 дан ашуун өлкөсүнүн 300 дөн ашуун университеине барып, мобилдүүлүк программасы боюнча билим алып келүү мүмкүнчүлүгүңүздөр бар.

Ошондой эле Кытайдын компаниясы менен биргеликте «Келечек муундун ХАБы» робототехника борбору иштеп жатат. Жапониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA), Токио илим институтунун жардамы менен Ош мамлекеттик университетинде Ош шаарындагы абанын сапатын үзгүлтүксүз көзөмөлдөй турган автоматташтырылган илимий станция ишке берилди. Станция абанын булганышын үзгүлтүксүз көзөмөлдөп, маалыматтарды автоматтык түрдө чогултат. Алынган маалыматтар Ош шаарындагы абанын булгануу деңгээлин так аныктоого жана экологиялык көйгөйлөрдү илимий негизде изилдөөгө жардам берет.

Кытайдын Тяньцзинь транспорттук кесиптик институту менен биргеликте жаңы окуу жылында «Лу Бан өнөрканасын» (Lu Ban Workshop) ачуу пландалууда. Бул эл аралык инновациялык борбордо өлкөбүздүн эмгек рыногунда абдан таңсык болгон төмөнкү эки негизги багыт боюнча заманбап адистер даярдалат:

  1. Логистика багыты: «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолунун курулушу башталып, өлкөбүз транзиттик хабка айланып жаткан шартта, эл аралык жүк ташууну жана жеткирүү чынжырларын башкарууну дүйнөлүк стандартта үйрөтөт.
  2. Жаңы энергетикалык унаалар (Электромобилдер): Жашыл экономикага өтүү саясатынын алкагында, өлкөдө электромобилдерди тейлөө, оңдоо жана алардын жогорку технологиялык тутумдары менен иштөө боюнча заманбап инженер-техниктерди даярдайт.

Сиздерге стимул берүү максатында, ОшМУда өлкөдөгү эң жогорку студенттик сыйлыктар берилет. Быйыл биздин 9 студентибиз Президенттик стипендияга ээ болду. Ал эми окуу жайдын ички «Нобель сыйлыгы» деп аталган «Атуулдук стипендиясын» алган 10 студент бир жыл бою айына 12 миң сомдон алышат. Мындан сырткары, “ОшМУнун TOP–20 студентине” жана Каныбек Исаков атындагы стипендиянын ээлерине сыйлыктар жыл сайын тапшырылып келет.

Спорт жаатында да чоң ийгиликтер жаралууда. Биздин студентибиз Жантөрө Мирзалиев грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону аталып, Кыргызстандын тарыхында алтынчы дүйнө чемпиону болду! Кесипкөй волейбол, баскетбол, теннис клубдарыбыз өлкөдө алдыңкы орундарды багындырууда. ЖОЖдордун ичинен түзүлгөн жалгыз кесипкөй “ОшМУ” футбол клубу өлкөнүн Премьер-Лигасында ийгиликтүү ойноп жатат. Футбол федерациясы тарабынан окуу жайга 7 гектар жер тилкеси бөлүнүп берилди, ага заманбап футбол академиясы жана ири спорт комплекси курулат.

ОшМУнун «Кара-Суу» гимназиясынын окуучусу Гүлпери Жуматаева «Алтын сертификат» алып, университетибиз бала бакчадан тартып докторантурага чейинки билим берүү баскычын ийгиликтүү ишке ашырып жаткандыгын далилдеди.

Бүгүнкү күндө ОшМУ 32 окуу имараты, 2 медициналык клиника, 10 студенттик жана мугалимдер жатаканасы, Congress Resort OshSU комплекси жана Ысык-Көлдөгү “Үмүт” пансионаты менен өлкөдөгү эң ири заманбап базага ээ университет.

 

Кымбаттуу 1-курстун студенттери! Сиздер — ОшМУнун согуп турган жүрөгүсүздөр, биздин жана өлкөбүздүн жаркын келечегисиздер!
Университеттин босогосун аттаган алгачкы күнүңүздөрдөн баштап убакытты туура пайдаланып, илимге, билимге жана инновацияга умтулуңуздар. Биз сиздердин дүйнөлүк деңгээлдеги адис болуп жетишишиңиздер үчүн бардык шарттарды түзүп берүүгө даярбыз.

Кирип келген жаңы окуу жылыбыз бүтүндөй жамаатыбыз жана жаңы кадам таштаган студенттерибиз үчүн ийгиликтердин, ынтымактын жана жаңы бийиктиктердин жылы болсун. Баарыңыздарга бекем ден соолук, кажыбас кайрат жана чыгармачылык бийиктиктерди каалайм! Эгемендүү Кыргызстаныбызда ар дайым тынчтык, биримдик жана өнүгүү болсун!

Жаңы окуу жылыбыз куттуу болсун!

Урматтоо менен, ОшМУнун ректору К.Г. Кожобеков