Казакстандан келген жети студент бир семестр ОшМУда билим алат

Башкы Жаңылыктар

Казакстандан келген жети студент бир семестр ОшМУда билим алат

Image

Казакстандын К. Жубанов атындагы Актөбө регионалдык университетинен жана Маргулан атындагы Павлодар педагогикалык университетинен жети студент академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында ОшМУга келишти. 

Алар 2026–2027-окуу жылынын күзгү семестрин бул жакта өткөрүп, өз адистиктери боюнча билим алышат. Студенттердин төртөө тарых, экөө педагогика жана бирөө юриспруденция багытында окуйт. 

15-сентябрда академиялык мобилдүүлүк программасынын катышуучуларын тышкы байланыштар боюнча проректор Курсантбек Аттокуров кабыл алды. Ал студенттерге университеттин ишмердүүлүгү, билим алуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып, жаңы окуу семестринде ийгиликтерди каалады. 

Студенттердин арасында Аян Бахытбек кызы, Диас Кепирбаев, Арида Сайын кызы, Айгерим Бауыржан кызы, Фарида Негматова жана Ақерке Даулетбек кызы бар. Алар ОшМУга эки тараптуу кызматташтык келишимдеринин негизинде келишти. 

Академиялык мобилдүүлүк студенттерге башка өлкөнүн билим берүү тажрыйбасы менен таанышып, кесиптик билимин өркүндөтүп, жаңы маданий чөйрөдө тажрыйба топтоого мүмкүнчүлүк берет. 

 

 

 

 

 

 

 

Фото галерея