Студенттер Бишкектеги ветеринардык клиникада практикадан өтүштү

Башкы Жаңылыктар

Студенттер Бишкектеги ветеринардык клиникада практикадан өтүштү

Image

ОшМУнун Айыл чарба коллежинин студенттери Бишкектеги «Чип и Дейл» ветеринардык клиникасында практикадан өтүп, кесиптик тажрыйбасын өркүндөтүштү.

Богдан Батлуков менен Ширин Калыбекова үстүбүздөгү жылдын июль–август айларында аталган клиникада практикалык даярдыктан өтүшкөн. Алар профилактикалык иштерди жүргүзүү, биринчи ветеринардык жардам көрсөтүү, жаныбарларды тейлөөнүн негизги багыттары менен таанышып, практикалык көндүмдөрүн бекемдешкен.

Практика клиника менен коллеждин ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде уюштурулган. Жыйынтыгында студенттер тажрыйба арттырган сертификаттарга ээ болушкан.

Учурда Богдан Батлуков менен Ширин Калыбекова коллеждин клиникасында окутуучулардын көзөмөлүндө практикалык көндүмдөрүн өркүндөтүүнү улантып жатышат. Алар шаар тургундарына көрсөтүлгөн ветеринардык тейлөө иштерине да активдүү катышууда.

 

Фото галерея