ОшМУнун Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин окутуучулары жана студенттери жаны окуу жылынын алдынан Өзгөн археологиялык-архитектуралык музей комплексинде ишембилик өткөрдү.
“Тарыхый мурасыбызды көздүн карегиндей сактап, келечек муунга өткөрүп берүү азыркы муундун милдети. Биздин студенттердин демилгеси Өзгөн археологиялык-архитектуралык музей комплексинин короосун таштандылардан арылтып, тосмолорду сырдадык. Мындай демилгени мындан ары да улантабыз”, - дейт тарбия иштери боюнча директордун орун басары Э.Каримбаев.