Ош мамлекеттик университетинин медициналык коллежинин 1-курсунун студенттерине баңгизаттын алдын алуу, зордук-зомбулукка жол бербөө жана укуктук сабаттуулукту жогорулатуу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Жолугушууга Ички иштер министрлигинин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын алдын алуу жана коомчулук менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн ыкчам өкүлү Гүлмира Жапакова, Ош мэриясынын алдындагы Үй-бүлөгө жана балдарга жардам берүү борборунун директору Гүлбара Кулуева, шаардык милициянын өкүлдөрү катышты.
Адистер студенттерге баңгизаттарды колдонуу, аны мыйзамсыз жүгүртүүнүн кесепеттери тууралуу кеңири маалымат беришти. Ошондой эле интернет аркылуу тараган «оңой жумуш», «жеңил акча» сыяктуу сунуштарга этият болууну, белгисиз адамдардын шектүү тапшырмаларын аткарбоону, кооптуу жагдайларга туш болгондо ишенимдүү адамдарга же тиешелүү кызматтарга кайрылууну эскертишти. Мындан тышкары зордук-зомбулуктун, коркутуунун, басмырлоонун жана психологиялык басымдын бардык түрлөрүнө жол бербөө, адамдын кадыр-баркын, укуктарын сыйлоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Ал эми студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорун берип, тиешелүү адистерден жооп алышты.
Иш-чара жаштарды коомдогу терс көрүнүштөрдөн сактанууга, зордук-зомбулуктун алдын алууга, алардын укуктук сабаттуулугун жогорулатууга багытталды.