ОшМУнун ректору III Орусия-Кыргыз билим берүү форумуна катышууда

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун ректору III Орусия-Кыргыз билим берүү форумуна катышууда

Image

1–2-октябрь күндөрү Бишкекте III Орусия-Кыргыз билим берүү форуму өтүүдө. Ага эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын жетекчилери, мамлекеттик органдардын, илимий мекемелердин, бизнес чөйрөнүн өкүлдөрү катышууда.

Форумга ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков да катышып, билим берүү, илим, өндүрүш жана аймактарды өнүктүрүү маселелери боюнча талкууларга катышууда. Ал пленардык жыйында «Билимден капиталга: университеттер – мамлекет жана өнөр жай менен кызматташуу долбоорлорун бириктирүүчү борбор» деген темада баяндама жасады.

Ректор заманбап университеттин кадр даярдоодогу, инновацияларды өнүктүрүүдөгү, аймактардын социалдык-экономикалык өсүшүнө кошкон салымы тууралуу айтып өттү. Ошондой эле «Университет жана аймак» аттуу панелдик сессияда аймактардагы кадр тартыштыгын жоюу боюнча сунуштарын билдирди. Анын ичинде дуалдык билим берүүнү өнүктүрүү, «Өндүрүш–ЖОЖ» моделин күчөтүү, «Студент–ЖОЖ–Иш берүүчү» үч тараптуу кызматташтыгын түзүү маселелери талкууланды.

Форумдун жүрүшүндө жасалма интеллект, санариптик технологиялар, академиялык мобилдүүлүк, инновация, аймактарды туруктуу өнүктүрүү маселелери да каралууда.

Фото галерея