Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун Зоология, экология жана биоинженерия кафедрасынын доценти Олияхон Юлдашова 20-сентябрдан 2-октябрга чейин Өзбекстанда илимий-педагогикалык тажрыйба алмашты.
Ал Ташкенттеги Мирзо Улугбек атындагы Өзбекстандын улуттук университетинде заманбап окутуу технологиялары жана инновациялык педагогикалык ыкмалар менен таанышты. Ошондой эле магистратуранын студенттерине «Адамдын жүрөк ритминин вариабелдүүлүгүн изилдөө» темасында ачык сабак өттү. Анда жүрөк ритминин вариабелдүүлүгүн изилдөөнүн физиологиялык мааниси, адамдын функционалдык абалын баалоодогу мүмкүнчүлүктөрү, практикалык изилдөө ыкмалары көрсөтүлдү.
Бакалавриаттын студенттери үчүн «Булчуңдардын физиологиясы» темасында лекция жана «Козголуучу ткандардын физиологиясы» боюнча лабораториялык сабак өткөрдү. Анда теориялык билимди практика менен айкалыштырууга, студенттердин изилдөөчүлүк жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө, заманбап окутуу ыкмаларын колдонууга басым жасалды.
Мирзо Улугбек атындагы Өзбекстандын улуттук университети QS World University Rankings 2026 рейтингинде 721–730-орундарды ээлеп, дүйнөдөгү алдыңкы 1000 университеттин катарына кирген.