Студенттерди Жапонияда ишке орноштуруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды 

Башкы Жаңылыктар

Студенттерди Жапонияда ишке орноштуруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды 

Image

5-октябрда ОшМУнун Медициналык коллежинде Жапониядан келген компаниялардын өкүлдөрү менен студенттердин аталган өлкөдө иштөө мүмкүнчүлүктөрү боюнча жолугушуу өттү. 

Жолугушууга JA Kagawa уюмунун өкүлдөрү Озаки Мицухиро, Митани Хироюки, Farmers Cooperative Association уюмунун өкүлү Такаши Кондо, Kayxap эмгек агенттигинин өкүлү Идзуми Адзума катышты. 

Студенттерге Жапонияда иштөө шарттары, жумушка орношуу талаптары, кесиптик багыттар тууралуу маалымат берилди. Айрыкча медицина тармагында улгайган адамдарга кам көрүү (caregiving) багытында иштөө мүмкүнчүлүктөрүнө токтолду. Мындан тышкары агрономия, ветеринария багыттарында билим алган студенттер үчүн аталган өлкөдө эмгектенүү мүмкүнчүлүктөрү да талкууланды.

Жолугушууда студенттерди Жапонияда иштөөгө даярдоо үчүн жапон тилин акысыз үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөрү айтылды.

 

Фото галерея