15-октябрда Ош мамлекеттик университетинде академик Ильяс Ботбаевдин элесине арналган «Климаттын өзгөрүш шартында кыргыздын Кара-байыр жылкысынын туруктуулугу жана адаптациялык потенциалы» аттуу биринчи эл аралык илимий-практикалык конференция болду.
Иш-чарага мамлекеттик органдардын, илимий мекемелердин, жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү, жылкы чарбачылыгынын адистери катышты.
Пленардык жыйында ОшМУнун академик Ботбаев атындагы агрардык изилдөөлөр илимий-технологиялык институтунун директору, профессор Абдугани Абдурасулов окумуштуунун илимий мурасы, Кара-байыр жылкысынын өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып берди.
Орусиядан келген илимпоздор да чыгып сүйлөштү. Айыл чарба илимдеринин кандидаты Анна Николаева дон породасындагы жылкыларды сактоо маселесине токтолду. Ветеринария илимдеринин кандидаты Наталья Панова жылкынын жумшак ткандары жаракаттанганда маралдын мүйүзүнөн алынган экстракт менен дарылоо тууралуу онлайн баяндады.
Ошондой эле ошондой эле Кара-байыр жылкысынын генетикалык өзгөчөлүктөрүн сактоо, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуусу, жылкы чарбачылыгын өнүктүрүү маселелери козголду.
Конференциянын алкагында университеттин окуу-өндүрүштүк Ветеринардык клиникасынын аймагында Кара-байыр жылкысына арналган эстелик ачылды. Бул жылкы бекем түзүлүшү, чыдамкайлыгы, тоолуу жерлерге ыңгайлашканы жана алыс жолго жөнөөгө жөндөмдүү экени менен айырмаланат. Ал кыргыз элинин тарыхында, көчмөн маданиятында, салттарында өзгөчө орунга ээ.
Окумуштуулардын айтымында, бул породаны сактоо жана өркүндөтүү мал чарбасын өнүктүрүү менен бирге өлкөнүн генетикалык ресурстарын жана маданий мурасын келечек муундарга сактап калуу үчүн да маанилүү.
Ильяс Ботбаев Кыргызстанда мал чарбасынын өнүгүшүнө, малдын породаларын жакшыртууга жана илимий кадрларды даярдоого чоң салым кошкон окумуштуу болгон. Ал Алайдын куйруктуу кой породасын чыгарууга, тыбыттуу, жүндүү эчки породаларын өркүндөтүүгө, уяң жүндүү койлордун сапатын жакшыртууга катышкан. 300дөн ашык илимий эмгектин, анын ичинде 20 монографиянын автору, 15 илимий кадр даярдаган.