Ош мамлекеттик университетинде аспиранттар менен изденүүчүлөр үчүн илимий изилдөөлөрдүн методологиясы боюнча окутуу уюштурулду.
Аспирантура жана докторантура бөлүмүнүн башкы адиси, доцент Гүлжамал Анарбаева аларга негизги иш-милдеттери, алардын уюштурулушу тууралуу айтып берди.
Ошондой эле ал илимий изилдөөлөрдүн методологиясынын негиздерине, илимий ишмердүүлүктү баалоонун критерийлерине токтолуп, макалаларды РИНЦ, Scopus жана Web of Science системаларындагы басылмаларга кантип чыгаруу керектигин түшүндүрдү.
Катышуучулар кызыккан суроолоруна жооп алышты. Мындай иш-чаралар циклдүү түрдө үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат.
Эске салсак, 2022-жылы ОшМУнун аспирантурасына 15 тармак боюнча 101 адистикке лицензия берилген. Лицензия Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Кыргызстандагы окуу жайлардын арасында алгачкылардан болуп ыйгарылган.
Учурда аспирантурада 200дөн ашуун аспирант окуп, илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүдө. Алардын илимий жетекчилеринин саны 115 окумуштуу. 110у илимдин докторлору, профессорлор, бешөө илимдин кандидаттары, доценттер.
ОшМУнун өзүндөгү 45 илимдин доктору, профессор жана эки илимдин кандидаты, доцент аспиранттарга жетекчилик кылат. Башка окуу жайлардан, илимий мекемелерден 65 илимдин доктору, профессор, үч илимдин кандидаты, доцент илимий шакирттерди даярдоого катышууда. Алардын арасында белгилүү илимпоздор, КУИАнын академиктери жана мүчө-корреспонденттери бар