Студенттер киберкоопсуздук боюнча маалымат алышты

Башкы Жаңылыктар

Студенттер киберкоопсуздук боюнча маалымат алышты

Image

17-октябрда Медициналык коллеждин 1-курс студенттерине коррупциянын алдын алуу жана киберкоопсуздук боюнча түшүндүрүү иш-чарасы өттү.

Ага Ош шаардык милициясынын кибер кылмыштарга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери, окуу жайдын Коопсуздук кызматынын инспектору Кыялбек Акимжан уулу катышты.

Студенттерге интернеттеги алдамчылык, жеке маалыматтарды коргоо, киберкылмыштардын коркунучу, коррупциялык көрүнүштөр жана мыйзам алдындагы жоопкерчилик тууралуу айтылды. Ар бир студент мыйзамды сыйлап, санариптик чөйрөдө сак болуп, коррупцияга каршы принципиалдуу позицияда турушу керек экени белгиленди.