19-октябрда Социалдык коргоо жана кесиптик бирлик кызматкерлеринин күнүнө карата университеттин профессордук-окутуучулук курамынан 50дөн ашуун адам сыйлык алды.
Аларга Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин «Кесиптик бирликтин отличниги» төш белгиси, Ардак грамотасы тапшырылды. Сыйлыктар окуу жайдын билим берүү, илим жана коомдук иштеринин өнүгүшүнө кошкон салымы, көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн ыйгарылды.
Иш-чарада ОшМУнун кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Абсамат Саттаров социалдык коргоо жана кесиптик бирлик кызматкерлеринин коомдогу ордуна токтолду. Ал билим берүү тармагында эмгектенгендердин иши университеттин өнүгүүсүндө өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи.