19-октябрда ОшМУнун медициналык коллежинде студенттер арасында футболдук мелдеш өттү. Ага профилактикалык стоматология адистигинин 3-курсунун студенттеринен түзүлгөн төрт команда катышты.
Оюн кызуу жүрүп, катышуучулар өздөрүнүн шамдагайлыгын, командалык аракетин көрсөтүштү. Жыйынтыгында ортопедиялык стоматология адистигинин студенттери жеңишке жетишти.
Мелдеш жогорку жана орто кесиптик билим берүү уюмдарында студенттер менен окутуучулардын арасында сергек жашоо образын жайылтууга багытталган министрликтин буйругунун негизинде уюштурулду. Иш-чаранын максаты жаштардын спортко болгон кызыгуусун арттыруу, командалык ынтымакты бекемдеп, сергек жашоого үндөө болду.