ОшМУнун магистранттары Венгрияда эл аралык тажрыйба топтошууда 

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун магистранттары Венгрияда эл аралык тажрыйба топтошууда 

Image

Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин магистранттары Аскар Мамадалиев менен Нурболот Эгамбердиев Венгрияда эл аралык академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында билим алып жатышат.

Алар эл аралык мамилелер бөлүмүнүн дүйнөлүк саясат багыты боюнча биринчи курста окушат. Учурда магистранттар Венгриянын Печ университетинде билим алышууда. Алар венгер тилин тереңдетип үйрөнүү менен бирге өлкөнүн саясаты, тарыхы, маданияты, адабияты жана географиясы менен таанышып жатышат. Ошондой эле өлкөнүн азыркы коомунун өзгөчөлүктөрүн үйрөнүшөт.

Программа Венгриянын Тышкы иштер министрлигинин жана Дипломатиялык академиясынын колдоосу менен ишке ашырылууда. Мында магистранттарга өз багыты боюнча билимин тереңдетүүгө, чет тилин өздөштүрүүгө жана башка маданияттарды жакындан таанууга мүмкүнчүлүк берилет. Мындан тышкары алар Европанын билим берүү системасы менен таанышып, эл аралык тажрыйба топтошот.

Академиялык мобилдүүлүк учурунда студенттер ОшМУдагы окуусун да улантышат. Университеттин окуу дисциплиналарын аралыктан окутуу технологиялары аркылуу өздөштүрүшөт.

 

Фото галерея