Болочок мугалимдерди даярдоонун жаңы жолдору талкууланды

Башкы Жаңылыктар

Болочок мугалимдерди даярдоонун жаңы жолдору талкууланды

Image

24-октябрда Ош мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинде кыргыз тили жана адабияты мугалимдерин дуалдык окутуу аркылуу даярдоо маселеси талкууланды.

«Кыргыз тили жана адабият мугалимдерин даярдоодо дуалдык окутуунун ролу жана келечеги» аталышындагы иш-чарада университет менен мектептин байланышын чыңдоо, студенттердин кесипке эрте аралашуусу, алган билимин практикада колдонушу тууралуу сөз болду.

Ошондой эле студенттердин мектепте өтүүчү педагогикалык практикасын жакшыртуу жана аларга мугалимдик кесипти өздөштүрүүгө көбүрөөк мүмкүнчүлүк түзүү маселелери каралды.

Доцент Бактыгүл Байтикова студенттер үчүн даярдалган сегиз жумалык педагогикалык практиканын программасын тааныштырды. Ал эми кафедранын улук окутуучусу Асылкан Маматова 12 жылдык билим берүү системасында сабак өтүүнүн жаңы ыкмалары тууралуу презентация жасады.

Талкуунун жыйынтыгында дуалдык окутууну өнүктүрүү жана болочок мугалимдердин кесиптик даярдыгын жакшыртуу боюнча резолюция кабыл алынды.