ОшМУнун студенттери 29-октябрда Ош шаарында өткөн таяк тартыш (мас-рестлинг) боюнча «Алымбек датка» атындагы эл аралык мелдеште байгелүү орундарга ээ болушту.
Анда Рано Сапарали кызы менен Нурсултан Абдумапов экинчи орунду ээлесе, Эламан Узакбаев, Мирзат Абдуллаева жана Айэлина Мадикова үчүнчү орунга татыктуу болушту.
Мелдеш учурунда катышуучулар күчүн, шамдагайлыгын, чыдамкайлыгын сынашты. ОшМУнун студенттерин мелдешке машыктыруучулар Мыктыбек Адишов, Канымбү Дүйшөнали кызы даярдашты.
Мелдешке Ош, Талас жана Баткен шаарларындагы жогорку окуу жайлардын командалары катышып, күч сынашты.