Профессор Балтагул Нурунбетовдун 80 жылдыгы белгиленди

Башкы Жаңылыктар

Профессор Балтагул Нурунбетовдун 80 жылдыгы белгиленди

Image

Ош мамлекеттик университетинде коомдук ишмер, тарых илимдеринин доктору, профессор, Кыргызстандын эмгек сиңирген мугалими Балтагул Нурунбетовдун 80 жылдык мааракеси белгиленди. 

Ага арналган «Даанышмандыкка сугарылган өмүр» аттуу салтанаттуу иш-чарага университеттин жетекчилиги, кесиптештери, шакирттери, коомдук ишмерлер катышты. Анда профессордун өмүр жолу, эмгек жылдары, илим жана билим берүү тармагына кошкон салымы тууралуу тасма көрсөтүлдү.

Ректор Кудайберди Кожобеков маараке ээсин куттуктап, анын жаш муундарды тарбиялоодогу, илим-билимди өнүктүрүүдөгү жана коомдук иштердеги эмгегин белгиледи. Ошондой эле Балтагул Нурунбетовдун университет менен көп жылдык байланышы бар экенин айтып, учурда Камкорчулар кеңешинин төрагасы катары окуу жайдын өнүгүшүнө салым кошуп келе жатканын баса белгиледи.

Окуу жайдын кесиптик кошунунун төрагасы Абсамат Саттаров да куттуктоо сөзүн сүйлөп, профессордун адамгерчилигин, жөнөкөйлүгүн, кесиптик ишине болгон жоопкерчилигин белгиледи. Ал эми Чыгыш таануу институтунун директору, доцент Жолдошбек Бөтөнөев «Даанышмандыкка арналган өмүр» деген темада баяндама жасап, профессордун басып өткөн жолу жана эмгектери тууралуу айтып берди.

Мааракеде профессордун кесиптештери, замандаштары да сөз сүйлөп, аны менен бирге иштеген жылдардагы эскерүүлөрүн бөлүшүштү. Салтанат музыкалык чыгармалар менен коштолду.

Өз кезегинде Балтагул Нурунбетов өмүр жолундагы эсте калган учурларды айтып, мааракесине карата уюштурулган иш-чара үчүн университеттин жетекчилигине, кесиптештерине жана шакирттерине ыраазычылык билдирди.

Фото галерея