6-ноябрда Бишкек шаарында ОшМУнун Айыл чарба коллежине LOVOL 354 үлгүсүндөгү заманбап трактордун ачкычы тапшырылды.
Ачкыч тапшыруу аземине президенттин атайын тапшырмалар боюнча өкүлү Бакыт Төрөбаев, «МТС ЛОВОЛ» ишканасынын директору Руслан Курманалиев жана коллеждин директорунун милдетин аткаруучу Салмахан Сарыева катышты.
Сарыева окуу жайдын эмгек жамаатынын жана студенттеринин атынан ыраазычылык билдирип, айыл чарба тармагына адистерди даярдоого көрсөтүлүп жаткан колдоо үчүн өнөктөштөргө алкыш айтты. Ошондой эле мындан ары да кызматташтыкты улантууга даяр экенин белгиледи.
Жаңы трактор коллеждин окуу процессинде колдонулуп, студенттердин практикалык сабактарына шарт түзөт. Айрыкча, болочок механик-техниктер айыл чарба техникасын башкарууну, иштетүүнү жана тейлөөнү үйрөнүп, кесиптик көндүмдөрүн практика жүзүндө өнүктүрө алышат.