ОшМУ Бразилиянын Паулиста университети менен кызматташат

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ Бразилиянын Паулиста университети менен кызматташат

Image

16-ноябрда Бразилиянын Сан-Паулу шаарында ОшМУнун өкүлдөрү менен Паулиста университетинин жетекчилиги жолугушту. Анда эки окуу жайдын ортосунда өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлду.

ОшМУнун делегациясын Жаштар бизнес паркынын директору, Enactus OshSU командасынын көп жылдан берки академиялык кеңешчиси Эрлан Камалов жетектеди. Паулиста университетинин атынан жолугушууга эл аралык байланыштар боюнча проректору Лаура Анкона Ли жана эл аралык бөлүмдүн башкы координатору Ванесса катышты.

Паулиста университетинин кампусунда өткөн жолугушууда тараптар эки окуу жайдын кызматташтыгын өнүктүрүү, студенттер менен окутуучулардын тажрыйба алмашуусун уюштуруу, биргелешкен билим берүү, илимий долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты. Ошондой эле инновация, ишкердик жана студенттик стартаптарды өнүктүрүү багыттарына көңүл бурулду. Айрыкча студенттердин ишкердик жөндөмүн өнүктүрүү, жаштардын жаңы идеяларын колдоо, эки университеттин студенттери менен окутуучулары үчүн эл аралык мүмкүнчүлүктөрдү түзүү маселелери каралды.

Кол коюлган меморандум эки университеттин ортосундагы байланышты бекемдеп, билим берүү жана илим тармагындагы биргелешкен иштерге жол ачат. Ошондой эле бул келишим ОшМУнун Бразилиянын жогорку окуу жайлары менен кызматташуусун кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Учурда ОшМУнун Enactus OshSU командасы Enactus World Cup 2026 дүйнөлүк кубогунда Кыргызстандын атынан катышууда. Эл аралык мелдеш 16–19-ноябрь күндөрү Бразилияда өтүп жатат.

Фото галерея