ОшМУ Кытай менен медициналык билим берүүдө дуалдык окутууну жолго коюуну талкуулады

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ Кытай менен медициналык билим берүүдө дуалдык окутууну жолго коюуну талкуулады

Image

Бүгүн, 18-ноябрда ОшМУга Гуанчжоу эл аралык алмашуу жана кызматташтык фондунун (Guangzhou Foundation for International Exchange and Cooperation) директору Су Синьсин баштаган делегация иш сапары менен келди.

Делегация окуу жайдын тышкы байланыштар боюнча проректору Курсантбек Аттокуров, Медициналык клиниканын директору Жазгүл Иметова жана Эл аралык медицина факультетинин деканы Роман Калматов менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар медициналык билим берүүдө дуалдык окутууну уюштуруу маселесин талкуулашты. Ага ылайык, студенттер теориялык билимди ОшМУдан алып, практикалык даярдыктан Кытайда өтүшү мүмкүн. Ошондой эле ОшМУнун студенттери менен ординаторлору үчүн Кытайдын алдыңкы медициналык жогорку окуу жайларында кыска мөөнөттүү окууларды уюштуруу, тажрыйба алмашуу программаларын ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү каралды. Мындан тышкары медициналык жабдууларды жана дары-дармектерди чыгарган кытайлык компаниялар менен байланыш түзүү демилгеси көтөрүлдү. Бул студенттерге, жаш адистерге аталган ишканаларда өндүрүштүк иш тажрыйбадан өтүүгө шарт түзөт. Мындай тажрыйба аркылуу алар заманбап медициналык технологиялар, жабдууларды өндүрүү, фармацевтикалык продукцияны даярдоо жана анын сапатын көзөмөлдөө боюнча практикалык билим ала алышат.

Маалымат үчүн: Гуанчжоу эл аралык алмашуу жана кызматташтык фонду эл аралык байланыштарды, маданий-гуманитардык алмашууну, коомдук пайдалуу демилгелерди колдоого багытталган. Фонддун негизги иш багыттарынын бири эл аралык кызматташтыкты жана достук мамилелерди өнүктүрүү болуп саналат.

 

Фото галерея