ОшМУнун медклиникасында жүрөктүн согушун токтотпой операция жасалды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун медклиникасында жүрөктүн согушун токтотпой операция жасалды

Image

Ош мамлекеттик университетинин медициналык клиникасында 60 жаштагы бейтапка татаал жүрөк операциясы ийгиликтүү жасалды. Операциянын өзгөчөлүгү – дарыгерлер бейтаптын жүрөгүн токтотпостон, иштеп турган абалда операция жасашты.

Бул аортокоронардык шунттоо операциясы деп аталат. Анда жүрөктү кан менен камсыз кылган кан тамырлардын тарып же бүтөлүп калган бөлүгүн айланып өтүүчү кошумча кан жолу түзүлөт. Натыйжада жүрөк булчуңуна кандын жетиши жакшырат.

Ушул жылдын 12-ноябрында Алай районунун 60 жаштагы тургуну жүрөк оорусуна байланыштуу медициналык борборго кайрылган. Текшерүүлөрдөн кийин ага аортокоронардык шунттоо операциясын жасоо чечими кабыл алынган. 16-ноябрда медициналык борбордун кардиохирургдары операцияны ийгиликтүү жүргүзүштү. Учурда бейтаптын абалы туруктуу.

Татаал операцияны клиниканын кардиохирургу Жакшылык Абдимиталип уулу баштаган дарыгерлер тобу аткарды. Мындай ыкма кардиохирургдардан чоң тажрыйбаны, так иштөөнү жана заманбап медициналык жабдууларды колдонууну талап кылат.

Бул операция ОшМУнун медициналык борборунда жүрөккө жасалган татаал хирургиялык жардамдын мүмкүнчүлүктөрү кеңейип жатканын көрсөтөт. Клиниканын дарыгерлери заманбап ыкмаларды колдонуу менен мындай операцияларды жеринде жүргүзүп, бейтаптардын башка аймактарга баруу зарылдыгын азайтууга аракет кылып келишет.

Эске салсак, мындай операция ОшМУнун медициналык клиникасында биринчи жолу 2024-жылы жасалган. Анда Жакшылык Абдимиталип уулу баштаган дарыгерлер тобу Орусиядан чакырылган кардиохирург Бакытбек Кадыралиев менен биргеликте операция жасашкан.

 

Фото галерея