ОшМУ менен Бразилиянын Федералдык Пара университети (Universidade Federal do Pará – UFPA) 19-ноябрда академиялык, илимий жана маданий байланыштарды өнүктүрүүгө багытталган кызматташтык меморандумуна кол коюшту.
Өнөктөштүктүн өзгөчөлүгү эки университет тең өз өлкөлөрүндө Enactus программасы боюнча улуттук чемпион болуп саналат. Бул студенттик ишкердикти, социалдык инновацияларды жана коомдук маанидеги долбоорлорду өнүктүрүү боюнча тажрыйба алмашууга, биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Меморандумга кол коюу жана кызматташтыктын келечектүү багыттарын талкуулоо иш-чарасына ОшМУнун атынан Жаштар бизнес паркынын директору, Enactus ОшМУ командасынын академиялык эдвайзери Эрлан Камалов, Next Generation Hub борборунун окутуучусу Калыбек Мирлан уулу, Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин эл аралык мамилелер жана санариптик дипломатия багыты боюнча 4-курсунун студенти Баяна Токтобек кызы катышты.
Бразилия тараптан университеттин профессору Жозе Аугусто Ласерда Фернандес катышып, кызматташтыктын багыттарын талкуулады. Ал UFPAнын Enactus командасынын академиялык кеңешчиси жана университеттин Интернационалдаштыруу башкармалыгынын эл аралык келишимдер боюнча директору болуп саналат.
Меморандумда академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү, студенттер менен окутуучулардын тажрыйба алмашуусун уюштуруу, биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жана эл аралык илимий байланыштарды кеңейтүү каралган. Ошондой эле PhD диссертацияларын эл аралык кош жетекчилик менен даярдоо, илимий басылмалар жана маалымат алмашуу, профессордук-окутуучулук курамдын, изилдөөчүлөрдүн кызматташуусу, биргелешкен конференцияларды, семинарларды, симпозиумдарды жана башка билим берүү иш-чараларын өткөрүү белгиленген. Мындан тышкары студенттердин биргелешкен илимий-изилдөө жана билим берүү долбоорлоруна катышуусу, кыска мөөнөттүү академиялык сапарларды уюштуруу мүмкүнчүлүктөрү да каралган.
Эки университеттин Enactus багытындагы улуттук чемпиондук тажрыйбасы жаңы өнөктөштүктүн маанилүү өзөгүн түзөт. Бул кызматташтык студенттердин демилгелерин колдоого, социалдык ишкердикти өнүктүрүүгө жана инновациялык идеяларды эл аралык деңгээлде ишке ашырууга өбөлгө түзөт. Меморандум Кыргызстан менен Бразилиянын жогорку окуу жайларынын ортосундагы байланышты чыңдап, ОшМУнун эл аралык кызматташтыгын кеңейтүүгө, студенттер жана окутуучулар үчүн жаңы академиялык, илимий мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган.