ОшМУда «Жусуп» көркөм тасмасы көрсөтүлдү
2026-11-23
/
74
/
11:11:40
23-ноябрда Ош мамлекеттик университетинде Жусуп Абдрахмановдун өмүрү жана ишмердүүлүгү тууралуу «Жусуп» көркөм тасмасы көрсөтүлдү.
Андан соң тасманын жаратуучулары менен студенттердин чыгармачылык жолугушуусу уюштурулду. Иш-чарага тасманын режиссёру, Кыргыз киночулар союзунун төрагасы Таалайбек Кулмендеев, сценарист жана башкы ролду аткарган актёр Ренат Төрөмамбетов катышты.
Таалайбек Кулмендеев тасманы тартуу процесси, тарыхый фильмдерди жаратууда архивдик материалдар менен булактардын мааниси тууралуу айтып берди. Ал «Жусуп» тасмасы мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун өмүр жолун, ишмердүүлүгүн жана кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөдөгү ролун жаш муунга таанытууга багытталганын белгиледи. Фильмде ошол мезгилдеги мамлекеттик башкаруу, өлкөнүн өнүгүү тарыхы, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышы да чагылдырылган.
Тасманы көрсөтүү иштери тиешелүү мамлекеттик токтомдун негизинде мекемелерде, министрликтерде жана жогорку окуу жайларда уюштурулууда. Демилге жаштарды тарыхый инсандардын өмүрү, ишмердүүлүгү менен тааныштырып, мекенчилдикке тарбиялоону көздөйт.
Көрсөтүүдөн кийин студенттер тасманын мазмуну, Жусуп Абдрахмановдун мамлекеттик ишмердүүлүгү жана фильмде чагылдырылган тарыхый окуялар тууралуу суроолорун берип, жооп алышты.
«Жусуп» тарыхый-көркөм тасмасы Кыргызстандын эгемендигинин 35 жылдыгына, Кыргыз АССРинин түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Жусуп Абдрахмановдун туулгандыгынын 125 жылдыгына арналган. Тасманын режиссёру Таалайбек Кулмендеев, башкы сценарийин Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев жазган.
Фото галерея