Эне тилди кадырлайлы,  барктайлы ,Эне тилге сыйыналы жактайлы! 

Башкы Жаңылыктар

Эне тилди кадырлайлы,  барктайлы ,Эне тилге сыйыналы жактайлы! 

Image

Университеттин №1 факультеттер аралык кыргыз тили, адабиятынын практикалык курсу  кафедрасы тарабынан мамлекеттик тил макамынын 32 жылдыгына тил жумалыгы өттү. Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинде "Эне тилди кадырлайлы, барктайлы ,Эне тилге сыйыналы жактайлы", Искусство факультетинде "Төкмө келсе төр бошот", Орус филологиясы факультетинде "Тилдеги дилге чыгат", Бизнес жана Менеджмент факультетинде "Улуттун жаны-тил" аталыштарында  иш-чаралар сериясы бардык факультеттерде өткөрүлдү. Максаты, улуттун  уңгусу болгон эне тилдин  бүгүнкү абалын жакшыртууга жана  жаштарды патриоттуулукка үндөп, барктоого үйрөтүү . Иш-чарада  көркөм окуу, улуттук бий, манас айтуу, акындар айтышы жана патриоттук ырлар ырдалды. Мындан сырткары кафедрада интеллектуалдык таанып билүүчүлүк багытта да бир катар иш-чаралар онлайн  фарматында жүргүзүлүүдө .

Фото галерея