ОшМУда «Ислам тынчтыктын тиреги» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болду

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда «Ислам тынчтыктын тиреги» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болду

Image

Иш-чарага Кыргызстандын муфтийи Замир Ракиев, Кыргызстандын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Тойгонбай Абдыкаров, Россия Федерациясынын муфтийлер кеңешинин төрагасынын орун басары Дамир Муххединов, Ташкент шаарындагы борбордук «Убай ибни кааб» мечитинин имамы Абдулхаким Маткулов, Казакстандын муфтийи Наурызбай Утпинов, Түркия элчисинин дин иштери боюнча кеңешчиси Мүрсел Өзтүрк жана ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков, Теология факультетинин окутуучулары, студенттер катышты. 
Конференцияда Россия, Казакстан, Өзбекстан, Түркия мамлекеттеринен келген дин аалымдары жана эксперттер баяндама жасашты.  
Эртен, 1-октябрда конференциянын алкагында дин аалымдары Ош шаарындагы жогорку окуу жайларда, мечиттерде , окуу борборлорунда лекция окушат.

Фото галерея