Футбол сүйүүчүлөрү үчүн семинар өткөрүлдү

Башкы Жаңылыктар

Футбол сүйүүчүлөрү үчүн семинар өткөрүлдү

Image

ФИФА калысы, дүйнө биринчилигинде калыстык кылуу боюнча рекорд ээси, АФКнын эң мыкты калысы, өлкөдөгү калыстарды даярдоо мектебинин башчысы Бахадыр Кочкоров университеттин Табият таануу жана география факултетинде семинар өттү.

Семинарга окуу жайдын жана шаардагы ЖОЖдордун студенттери, спорт сүйүүчүчүлөрү, дене тарбия адистери болуп 100дөн ашуун адам катышты.

Жолугушууда Бахадыр Кочкоров катышуучуларга өзүнүн өмүр баянын, футболдогу калыстык жолун, кантип ушул даражага жеткенин айтып өттү. Ошондой эле, калыстар мектеби тарабынан уюштурулган презентация көрсөтүлүп, жаштардын кызыккан суроолоруна жооп берди. Акырында жаштарды миллиондор оюну болгон футболго чакырып, калыстык окусуна тандоо жүрүп жатканын айтты.

Иш-чараны №2-факультеттер аралык дене тарбия кафедрасы Кыргыз Республикасынын футбол федерациясы менен биргеликте уюштурган.

 

Фото галерея