Энергетика кафедрасынын лабораториялык базасы жаңыланды

Башкы Жаңылыктар

Энергетика кафедрасынын лабораториялык базасы жаңыланды

Image

Окуу жай жетекчиси Кудайберди Кожобековдун колдоосу менен Физика-техника факультетинин Энергетика кафедрасынын материалдык техникалык базасы чыңдалды. Кафедранын окуу лабораториясы 1,5 миллион сомго жаңы заманбап жабдуулар менен толукталды. 
Электр менен камсыздоо адистиги ОшМУнун Физика-техника факультетинде 2003-жылы ачылган. Азыркы учурда Электроэнергетика жана электротехника багытынын Электр менен камсыздоо адистигинде бакалавр жана магистратурада жалпы 320га чукул студенттер жана магистранттар билим алат.
Адистиктин студенттери үчүн атайын студенттик конструктордук бюро ачылган. Анда студенттер бир канча иштөөчү моделдерди жасашып конкурстарда  байгелүү орундарга ээ болуп келишет.

Фото галерея