Батыш Чех университетинин студенттери окуу жай жетекчиси менен баарлашты

Башкы Жаңылыктар

Батыш Чех университетинин студенттери окуу жай жетекчиси менен баарлашты

Image

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков  Чехия мамлекетинин Батыш Чех университетинен келип, ОшМУнун эл аралык мамилелер факультетинде билим алып жатышкан студенттерди кабыл алды.

Студенттер Кыргызстандын маданияты, билим берүүсү менен таанышып, ОшМУда билим алып жаткан жаштар менен пикир алышып, достошуп, Ош шаарынын тарыхый, кооз жайларында болуп көп маалыматка ээ болушкандыктарын айтып, мындан ары да эки университеттин кызматташтыгынын артуусуна салым кошушарын белгилешти.

“ОшМУнун ортосундагы академиялык мобилдүүлүк алкагында кызматташуу жөнүндөгү эки тараптуу келишимдердин негизинде октябрь айында Чехиядан 10 студент, 2 магистрант келишкен. Алар  "эл аралык мамилелер" багытында билим алып , кыргыз элинин каада салты, үрп адаты, жергиликтүү калктын жашоосу менен да таанышып жатышат.  2021-2022-окуу жылынын март-апрель айларында ОшМУдан 15 студент Батыш Чех университетине жөнөтүлөт”-, деди Эл аралык мамилелер факультетинин деканы Сайкал Ибраимова.

 

Фото галерея