ОшМУ Ханькоу институту менен “2+2” программасы боюнча кызматташат

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ Ханькоу институту менен “2+2” программасы боюнча кызматташат

Image

Эки окуу жайдын ортосунда ишке ашып жаткан “2+2” программасы боюнча келишимге 15-октябрда ОшМУдан ректору Кудайберди Кожобеков жана Кытайдагы Ханькоу институтунун ректору Луо Айпин  мырза онлайн жолугушууда  кол койду.

“2+2 ”программасы “филология” багытында кытай тили жана англис тили боюнча кош диплом берүү долбоору.

Жолугушууда “2+2” программасын аяктаган студенттер Кыргызстан жана Кытайдын ортосундагы достук, кызматташуу мамилерин чыңдоого салым кошорун белгилешти.

Учурда ОшМУ дүйнөнүн 400 дөн ашуун жогорку окуу жайлары жана 100 дөн ашуун эл аралык уюмдар менен кызматташып келет. 2020-2021-окуу жылында ОшМУ Россиянын жети жогорку  окуу жайы менен “2+2” кош диплом берүү программаларына кол койду, азыркы учурда бакалавр баскычындагы студенттер бул программа боюнча билим алып жатышат.

Фото галерея