Билим алмашуу үчүн келген студенттер ОшМУга саякат жасашты

Башкы Жаңылыктар

Билим алмашуу үчүн келген студенттер ОшМУга саякат жасашты

Image

Ош декларациясынын жана эки тараптуу келишимдердин негизинде академиялык мобилдүүлүк боюнча Кыргызстандагы окуу жайлардан I семестр окуганы келген студенттерге “ОшМУга саякат - 2021” маданий-эстетикалык иш-чарасы уюштурулду. 
Ага Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясынан, Ысык-Көл, Талас, Баткен мамлекеттик университеттеринен  келген студенттер катышты. Саякаттын алкагында студенттер ОшМУнун музейи, факультеттери, лабораториялары, коллеждери менен жакындан таанышып, окуу жай, анын инфраструктурасы, автоматташтырылган окуу процесси, корпустары, санариптештирүү, эл аралык байланыштары туурасында кенен маалыматтарга ээ болушту. Студенттер иш-чаранын алкагында окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков менен чай үстүндө баарлашышты. 
“ОшМУга саякат - 2021” маданий-эстетикалык иш-чарасын  математика жана информациялык технологиялар факультетинин деканынын эл аралык байланыштар боюнча орун басары Гүлмира Шамшиева жетектеди. 
“ОшМУга саякат” экскурсиясы жетекчиликтин колдоосу менен жыл сайын эки жолу уюштурулуп турат.

Фото галерея