Философ аспирант, магистрант, студенттер үчүн эл аралык сынак өттү

Башкы Жаңылыктар

Философ аспирант, магистрант, студенттер үчүн эл аралык сынак өттү

Image

Ош мамлекеттик университетинде «Азыркы коомдун адеп-ахлактык өнүгүүсүндөгү илимдин жана маданияттын ролу»  аталышында аспирант, магистрант, студенттердин илимий-изилдөө иштерине арналган эл аралык сынак өттү.

Иш-чарага Кыргызстандагы университеттерден сырткары, Орусия, Казакстан, Өзбекстандын жогорку окуу жайларынан илимпоздор, аспиранттар, студенттер видео байланыш аркылуу катышты.

Буга чейин жарыяланган сынакка жалпы 70тен ашуун илимий эмгектер келип түшкөн, алардын ичинен эң мыкты делген эмгектер плендардык жыйынга коюлду.

Алар маданияттын жана илимдин азыркы коомдогу тарбияга болгон таасири, динге карата жаштардын мамилеси, глобализация процессинде маданияттын трансформацияланышы, ата-бала  мамилеси сыяктуу маселелерде баяндама жасашты.

Жыйынтыгында атайын калыстардын тандоосу менен мыкты баяндаманын ээси Кыргызстандагы Кувейт университетинин 4-курсунун студенти Нуркалый Масалбековго Санкт-Петербург шаарына 2 күндүк турга жолдомо берилди. 

Сынак Кыргызстандын Түштүк философиялык коому тарабынан уюштурулду.

Фото галерея