Студенттер Ташкентке окууга жиберилди

Башкы Жаңылыктар

Студенттер Ташкентке окууга жиберилди

Image

Мирзо Улукбек атындагы Өзбекстан улуттук университетине сырткы академиялык мобилдүүлүк боюнча билим алуу үчүн 16 студент кетти.  Алар Табият таануу жана география , Дүйнөлүк тилдер жана маданият , Чыгыш таануу жана тарых, Кыргыз филологиясы жана журналистика, Математика жана информациялык технологиялар факультети, Бизнес жана менеджмент факультетинин  бакалавриатта окуган студенттери.

Студенттик алмашуу эки окуу жайдын ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде ишке ашып жатат. Ага ылайык, кабыл алуучу университет студенттерге окуу процессин акысыз уюштуруп, жатакана менен бекер камсыздайт.

ОшМУнун Өзбекстандын окуу жайлары менен тыгыз алакасы бар. Буга чейин  Фергана мамлекеттик университетине 15 студент 1 айлык мобилдүүлүккө жиберилсе, жакынкы кундөрү 7 окутуучу, 5 студент Андижан мамлекеттик университетине тажрыйба алмашуу үчүн  иш сапары менен барат. Ал эми ушул айда  Наманган мамлекеттик университетине 3 окутуучу, Фергана политехникалык университетине 20 студент жөнөтүү пландалган.

Фото галерея