17-ноябрь – Эл аралык студенттер күнү

Башкы Жаңылыктар

17-ноябрь – Эл аралык студенттер күнү

Image

Урматтуу студент достор, жигердүү жаштар!
Азыркы учурда мамлекетибиздин экономикалык, социалдык, маданий тармактарынын өнүгүшүнө жаштарыбыздын кошкон салымы эбегейсиз. Жаштар - элдин ырыскысы, мамлекеттин тирөөчү, ишеничи! Биз заманбап билимге ээ, билимдүү, илимдүү, тарбиялуу, рухий чабыты кенен, креативдүү жаштарга таянып гана өнүгө алабыз. 
Бүгүнкү жаштар илим, маданият, искусство, спорт багыттарында жаратмандык менен ийгиликтерди багындырып,  эгемен өлкөбүздү дүйнөгө даңазалап жатышат. 
Республикадагы миңдеген жаштар сыяктуу ОшМУнун студенттери да зиректиги, көрөгөчтүгү, тарбиясы, мобилдүүлүгү менен коомдо өз ордун табууда. Биз студенттерибиз менен дайыма сыймыктанып келебиз, силердин бийик максаттарды багындырышыңарга ар дайыма ишеним, үмүт артабыз! 
17-ноябрь – Эл аралык студенттер күнү менен жалпы окуу жайыбыздын студенттерин куттуктаймын! ОшМУда билим алууга бардык шарттар түзүлгөн, андыктан силердин алдыңарда талыкпай билим алуу гана турат. Билимдүү болгула, илим менен алектенгиле, чыгармачылыгыңарды өнүктүргүлө, спорт менен машыгып ден соолугуңарды чыңдагыла, эң башкысы адамдык асыл сапаттарга ээ болгула. 
Силер канчалык билимдүү болсоңор, аалам силер үчүн ошончо жарык болот, ошончолук жолуңар ачык болот!
Майрамыңар кут болсун!

Урматым менен 
ОшМУнун ректорунун 
милдетин убактылуу  аткаруучу                    Т.К. Эркебаев